• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Казакбаев ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жаңы дайындалган төрагасы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 04.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-декабрында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жылдык жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жаңы дайындалган төрагасы Маргарет Седерфельт менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар 202-жылдын ноябрынын аягында болуп өткөн КР Жогорку Кеңешине шайлоонун жыйынтыктарын талкуулашты. Тышкы иштер министри ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын миссиясынын добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү үчүн Кыргызстанга байкоочулар миссиясын жибергендиги үчүн М. Седерфельтке ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, тараптар ЕККУ мейкиндигинде парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелерине токтолушту. Парламенттик дипломатия региондун ар тараптуу коопсуздугун камсыздоого олуттуу салым кошууну улантып жатканы белгиленди.

Министр Р. Казакбаев ЕККУ ПАнын төрагасы тарабынан ЕККУ ПАнын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлүн дайындоону кубаттады, бул кыргыз тараптын пикири боюнча, Борбордук Азия аймагы ЕККУнун жалпы мейкиндигинин ажырагыс бөлүгү экендигин жана кызматташтыктын кеңейүүсүн көрсөтөт, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтык ЕККУнун чек араларында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо негизги ролду ойнойт.

Жолугушуунун аягында М. Седерфельт Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүү чакыруусун кабыл алып, парламенттер аралык диалогду мындан ары активдештирүү жана Кыргыз Республикасынын парламентаризм институтун бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы менен кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий