• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КР ТИМ башчысы Энергетикалык хартиянын башкы катчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-сентябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Брюсселге болгон иш сапарынын алкагында Энергетикалык хартиянын башкы катчысы Урбан Руснак менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар Энергетикалык хартия келишимин модернизациялоого байланыштуу маселелерди талкуулашты. Башкы катчы Урбан Руснак Энергетикалык хартия келишимин дүйнөлүк энергетика секторунун заманбап талаптарына ылайык келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасында ГЭСтердин курулушуна инвестиция тартууда жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо хартия менен өз ара аракеттенүүнү андан ары күчөтүү боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Министр Р.Казакбаев 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги - Борбордук Азия биринчи экономикалык форуму тууралуу маалымат берди жана Энергетикалык хартия боюнча өзүнчө кошумча иш-чара уюштурууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий