• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакбаев Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Берлинде Германияга жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) башкы директору Франческо Ла Камера менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Министр Руслан Казакбаев IRENA менен кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин белгилеп, агенттиктин энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду, анын ичинде чакан жана орто ГЭСтерди каржылоо жана алдыңкы технологияларды киргизүү, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу программаларына Кыргызстандын катышуу мүмкүнчүлүгүн сурады.

Кыргызстан 2021-жылдын январында энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уставын ратификациялап, IRENAнын толук кандуу мүчөсү болуп саналат.

Өз кезегинде, IRENAнын башкы директору кызматташуунун бир катар келечектүү багыттарын белгилеп, кызматташууга даяр экендигин билдирди. Франческо Ла Камера 2022-жылдын экинчи жарымында агенттик «Кыргызстандагы энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалын баалоону» баштай тургандыгын билдирди. IRENA ошондой эле Кыргызстандын Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарын (NDC) ишке ашырууга, тиешелүү тренингдерди өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

IRENAнын башкы директору жеке сектор менен өз ара аракеттенүү боюнча олуттуу сунуштарды кароого даяр экендигин белгилеп, агенттиктин эки демилгеси – климаттык инвестициялык платформа жана тездетилген каржылоо – боюнча да кызматташуу түзүү мүмкүн экендигин белгиледи.

Тараптар кыргыз тарап жакын арада IRENA менен мындан аркы кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштарды бере тургандыгы тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий