• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала жана Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана эл аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүүсү кеңири талкууланды.

Руслан Казакбаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга, ошондой эле алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык шайлоого токтолуп, Кыргыз Республикасынын демократиялык баалуулуктарга берилгендигин жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык укуктук документтерде белгиленген курстун, максаттардын жана принциптердин уланышын белгиледи.

Имон Гилмор Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы адам укуктары боюнча диалогдун ачык жана конструктивдүү мүнөзүн белгиледи. Ал эл аралык байкоочулардын, анын ичинде ЕККУ/ДИАУБнын 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасында өтө турган парламенттик шайлоого чакырылышын кубаттап, шайлоону өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.

Тараптар Кыргыз Республикасында жана Евробиримдикте адам укуктарынын абалын жакшыртуу боюнча чаралар, анын ичинде гендердик күн тартиби, сөз эркиндиги, мыйзамдуулуктун сакталышы жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Атайын талкуунун темасы 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Европа Биримдиги – Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна даярдык көрүү болду. Тери Хакала форумду Бишкекте өткөрүү демилгеси үчүн кыргыз тарабына ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий