• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Казакбаев Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын аянтчасында министр Руслан Казакбаев Греция Республикасынын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Грек тарап, атап айтканда, жардам катары Кыргызстанга COVID-19 вакциналарын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кароо ниетин билдирди. Айрым категориядагы паспорттор үчүн виза режимин жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралып чыкты.

Тараптар алдыда боло турган эки тараптуу иш-чараларды, анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Министр Р. Казакбаев грек делегациясын 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтүүчү «ЕБ-БA» биринчи экономикалык форумунун ишине катышууга чакырды.

Министр Казакбаев Афганистандагы кырдаалды талкуулоодо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына Афганистандан студенттерди кабыл алуу боюнча долбоорду биргеликте ишке ашыруу боюнча грек тарапка сунуш киргизди.

Көп тараптуу кызматташуу боюнча тараптар эл аралык уюмдардын алкагында бири-биринин талапкерлигине колдоо көрсөтүү сунуштары менен алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары иш-сапарларды жасоо чакыруулары менен алмашты.

Пикир

Оставить комментарий