• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакбаев Индия - БА диалогуна мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-декабрында Нью-Дели шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда Индия - Борбордук Азия диалогуна мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин үчүнчү жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Диалогдун ишине Индиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчыларынын деңгээлинде Индия - БА саммитин уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан маселелер, ошондой эле экономикалык, транспорттук-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланды. Муну менен катар министрлер Афганистандагы азыркы кырдаалды дагы кеңири карап чыгышты. Бул өлкөдөгү оор кырдаалды эске алуу менен тараптар ага гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өз сөзүндө соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Индия менен байланышын жакшыртуунун, ошондой эле диалогго катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Атмосферага көмүртектин чыгарылышын кыскартуунун жана жашыл кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүнүн глобалдык маанисин эске алуу менен, Кыргызстан көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү максатын коюп, потенциалдуу инвесторлор үчүн жеңилдетилген тарифтик режимдерди берүү аркылуу жашыл технологияларды өнүктүрүүгө, ГЭСтерди жана кайра жаралуучу энергия булактарын курууга дем бере баштаганы белгиленди.

БА регионунун туризм тармагындагы олуттуу дараметин эске алуу менен “Индия - БА” диалогуна кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын жана туроператорлорунун катышуусунда масштабдуу конференция өткөрүү сунушталды. Ошону менен бирге медициналык туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, ошондой эле медициналык туристтер өз убагында диагноз коюуга жана андан ары сапаттуу дарылоого түз жетүү үчүн Индиянын алдыңкы ооруканаларынын жана клиникаларынын Борбордук Азиядагы расмий өкүлчүлүктөрүн ачуу зарылдыгы баса белгиленди. Бул контекстте Кыргыз Республикасынын дары-дармектерди өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү секторунун, анын ичинде «аюрведа» аркылуу да Борбордук Азия регионунун, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн керектөөлөрүн канааттандыра турган эбегейсиз зор дарамети белгиленди.

Индия-Борбордук Азия” диалогунун институционалдык базасын чыңдоо жана кеңейтүү максатында КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы БА өлкөлөрүнүн тиешелүү министрликтери менен ведомстволорунун жана Индия - БА диалогунун катчылыгынын катышуусу менен кошумча эксперттик платформаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн демилгеледи.

Тышкы иштер министрлери Индия - БА диалогунун, биринчи кезекте БУУ, ИКУ, башка эл аралык уюмдар жана финансы институттары тарабынан Афганистанды калыбына келтирүү боюнча масштабдуу программаны кабыл алуунун маанилүүлүгү белгиленди, ошондой эле калктын жакыр болуусу жана ачарчылыкка алып келген экономикалык көйгөйлөр Афганистандагы кылмыштуу жана террористтик топтордун активдешүүсүнүн негизги фактору болуп калышы мүмкүн. Бул контекстте кыргыз тараптын афган жарандары үчүн студенттик визаларды берүүнү улантууга даяр экени айтылды.

Кезектеги жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар “Индия - Борбордук Азия” диалогунун тышкы иштер министрлеринин үчүнчү жолугушуусунун Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий