• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакбаев Индиянын элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрь күнү тышкы иштер министри Р. Казакбаев Индиянын Кыргызстандагы элчиси А. Димрини кабыл алды. Бул туураалуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда элчи А. Димри, Казакбаевди тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектерин белгилешкен.

Өз кезегинде Казакбаев элчиге Кыргызстандагы ички саясий кырдаалдар, алдыдагы мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоо тууралуу айтып берип, шайлоо процессине катышуусу үчүн алардан да байкоочулардын келишин сунуш кылган.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-индия мамилелери, стратегиялык өнөктөштүгү бекемделе берерине жана эки мамлекеттин элинин кызыкчылыгында өнүгөрүнө ишенерин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий