• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиядагы мекендештер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-ноябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Рим, Болонья, Казерта, Неапол, Кальяри, Сардиния, ошондой эле Флоренцияда жашаган жарандардын арасынан диаспоралык бирикмелердин, ассоциациялардын жетекчилери жана активисттери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар Италияда болууну жеңилдетүү жаатында суроолорун берип, сунуштарын айтышты. Иш-чарада пенсия жана социалдык камсыздандыруу, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн, дипломдорун Италияда таануу, кыргыз жана италия окуу жайларынын окуу пландарын шайкеш келтирүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Италиянын аймагында иштөөгө италия тараптын мүмкүн болушунча квота берүүсүн камсыз кылуу маселелерин кароо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошону менен бирге жарандар Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин ишине ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Анын алкагында Италиянын ар кайсы аймактарында кыргыз тилин, кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын үйрөнүү боюнча маданий-агартуу борборлорун түзүү аркылуу эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Р.Казакбаев берилген сунуштар жана демилгелер үчүн мекендештерине ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктардын Италияда жүрүү маселелери италия тараптын кароосуна багытталган тиешелүү долбоордук макулдашуулардын алкагында карала тургандыгын билдирди.

Кыргызстандын жарандарына Италияда консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселеси боюнча ал Элчилик жарандардын компакттуу жашаган жерлеринде үзгүлтүксүз чыгуучу консулдук кызматтарды уюштуруу тууралуу белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий