• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакбаев Италиянын Соода жана инвестициялар агенттигинин башкы директору менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-ноябрында Италия Республикасына биринчи расмий сапарынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын Соода жана инвестициялар агенттигинин башкы директору Роберто Луонго менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун башында башкы директор Роберто Луонго Италиянын Соода жана инвестициялар агенттигинин (ICE) ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, ICE италиялык компаниялардын чет өлкөлөрдөгү бизнесин өнүктүрүүнү колдоочу жана тышкы соода менен алектенген италиялык компанияларга маалыматтык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик орган болуп саналат.

Тараптардын ортосунда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык дараметин кеңейтүү, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон багыттары боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Министр Руслан Казакбаев кыргыз тарап италиялык тарап менен айыл чарба, гидроэнергетика, туризм, санариптештирүү жана тоо-кен тармагы сыяктуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра ала турган кыргыз экономикасынын маанилүү багыттарын белгиледи. Ал чет элдик инвесторлорду коргоо механизмдери жана өлкөдөгү инвестициялык климат тууралуу маалымат берди. Бул контекстте Кыргызстанда аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн италиялык компанияларды тартууга кызыгуу билдирилди.

Италиянын Соода жана инвестиция агенттигинин башкы директору Кыргызстан менен кызматташуу ниетин билдирип, Кыргызстанда Италиядан келген ишкерлердин катышуусунда өлкөнүн презентациясы жана бизнес форумун өткөрүү боюнча кыргыз тараптын сунушун кабыл алды.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Руслан Казакбаев башкы директор Роберто Луонгону Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий