• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакбаев казак элчиси Рапил Жошыбаевден ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги максаты элчи Р. Жошыбаевдин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруусу жана кыргыз-казак кызматташтыгынын келечегин талкуулоо болду.

Министр Казакбаев казак элчисин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди жана мындан аркы жемиштүү иш каалады.

Казакстандын элчиси Р. Жошыбаев жолугушуу жана эл аралык протоколдук жол-жоболорго ылайык, кызмат ордуна дайындалгандыгы жөнүндө ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырууга берилген мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирди.

Руслан Казакбаев казакстандык тарапты кыргыз-тажик чек арасында болгон кайгылуу окуялар, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын деталдары жөнүндө маалымдады.

Тиешелүү стабилдештирүү чараларын ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топтун ишин белгиледи. Ошол эле учурда, кыргыз тараптын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жетишилген макулдашууларды аткаруу ниетин баса белгиледи.

Казакстандын элчиси 2021-жылдын 28-29-апрелинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон адамдардын өлүмүнө алып келген окуяларга байланыштуу Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ал Казакстан Республикасынын жетекчилиги тарабынан тилектештик жана колдоо сөздөрүн билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казакстандык стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштык мамилелеринин учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты, жакынкы, орто жана узак мөөнөткө өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин Кыргыз Республикасына боло турган иш-сапарынын даярдоосуна өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий