• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев: Казакстан Кыргызстанга радиолокациялык станция берет

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Казакстан Кыргызстанга ок-дары түрүндө жардам көрсөтөт жана радиолокациялык станция берет. Бул тууралуу брифингде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул маселе Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 2-3-март күндөрү президент Саыр Жапаровдун Нур-Султанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында талкууланган.

Казакбаев берилчү жардамдын көлөмү жана саны тууралуу так айта албасын билдирди.

«Мен жетиштүү болот деп айта алам», - деди КР ТИМ башчысы.

Пикир

Оставить комментарий