• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-октябрь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Казакстандын элчиси Казакбаевди тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалаган.

Сүйлөшүү учурунда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, алдыдагы кызматташтыкты талкуулашкан.

Казакбаев Кыргызстанда кырдаал акырындап турукташып, саясий процесстер конституциялык талаага келе баштаганын билдирген. Ал чет элдик, анын ичинде казакстандык инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектүү чаралар көрүлөрүн белгилеген.

Жолугушуунун аягында тараптар кыргыз-казак мамилелери мындан ары да өнүгө берерине ишеним артарын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий