• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакбаев коңшулук жана кеңейтүү маселелери боюнча Еврокомиссары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-сентябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Брюсселге болгон иш сапарынын алкагында коңшулук жана кеңейтүү маселелери боюнча Еврокомиссары Оливер Вархели менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Р.Казакбаев Кыргызстандагы коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык абал жана алдыда боло турган парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө жаңы парафирленген Макулдашууга ылайык мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегине, ошондой эле Европа Биримдигинин аймагына кирүү үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Бул контекстте тараптар байланыш, транспорт жана энергетика тармагындагы долбоорлор боюнча биргелешкен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Министр Казакбаев 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында Борбордук Азиянын өкмөт башчыларынын деңгээлинде Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-төрагасы Валдис Домбровскистин катышуусунда өтүүчү Европа Биримдиги–Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумунун ишине катышуу үчүн Европа комиссары Вархелини чакырды.

Пикир

Оставить комментарий