• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакбаев «Куралсыздануу жана жайылтпоо жаатындагы билим берүүнүн эл аралык күнүн» жарыялоону сунуштады

Саясат 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ядролук сыноолорго жалпы ты.у салуу жөнүндө келишимдин күчүнө кирүүсүнө көмөк көрсөтүү боюнча он экинчи конференцияга катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз зонанын Координатору жана депозитарии катары, Тышкы иштер минирлигинин башчысы Борбордук Азиадагы ядролук куралсыз зона жөнүндөгү келишимдин кол коюлусунун 15 жылдыгы боюнча Биргелешкен билдирүүнүн кабыл алынуусун жактады.

Министр Руслан Казакбаев куралсыздануу жана жайылтпоо жаатында кызматташтыкты тереңдетүүгө чакырып, «Куралсыздануу жана жайылтпоо жаатындагы билим берүүнүн эл аралык күнүн» жарыялоо сунушун киргизди.

Маалымат үчүн: Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз зона Түндүк жарым шаардагы бул түрдөгү биринчи аймак болуп саналат. Анын өзгөчөлүгү уран өндүрүү боюнча ишмердүүлүктүн жана ядролук сыноолордун экологияга тийгизген зыянынын ордун толтуруу.

Пикир

Оставить комментарий