• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев Кыргызстандагы россиялык компаниялардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Кечээ, 8-декабрда КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин демилгеси менен Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерий Латыповдун катышуусунда өлкөдө иштеп жаткан бир катар россиялык компаниялардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.

ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев, Ички иштер министрлигинин, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жана башка компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө министр Казакбаев эки өлкө ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги достук, ишенимдүү, союздаштык мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү жана туруктуу саясий диалогду белгиледи.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосунда бардык деңгээлдерде маанилүү саясий диалог түзүлдү, ар кандай тармактарда үзүрлүү кызматташтык, ошондой эле евразиялык интеграциянын алкагында өнөктөштүк өз ара аракеттенүү жүрүп жатат", - деп белгиледи Казакбаев.

Тышкы саясий ведомствонун башчысы COVID-19 коронавирустук инфекциянын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин баса белгилеп, Россия өкмөтүнө жана Россиянын компанияларына аны жеңүүгө жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Россиялык түз инвестициялар жана соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү маселелерине көңүл бурулду.

Министр Казакбаев өлкөдөгү ички саясий кырдаалдын турукташуусун жана Россиянын ишканаларынын кызматкерлеринин коопсуздугун жана алардын мүлкүнүн сакталышын камсыз кылуу боюнча жаңы бийлик органдары тарабынан көрүлүп жаткан чараларды белгилеп, кыргыз тарабы Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу саясатын улантууга ниеттенип жаткандыгына ишендирди.

Элчи Николай Удовиченко өзүнүн куттуктоо сөзүндө Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чара акыркы жылдарда биринчи жолу болуп жаткандыгын белгиледи. Удовиченко россия ишкердигинин КРнын экономикасындагы ролу жана салымын белгилеп кетти жана өлкөдө ишкердик климаттын жакшырышына ишенимин билдирүү менен КРнын аймагында иштеп жаткан россиялык компаниялар жана ишканалар Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуяларга карата сергек жана кылдат мамиле кыларын баса белгилеп кетти.

Россиялык дипломатиялык миссиянын башчысы соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-россиялык кызматташуусун өстүрүү багытында 500 миллион уставдык капиталы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролу жана маанисин өзгөчө белгиледи.

Расмий жактардын сөздөрүнөн кийин россиялык компаниялардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү конструктивдүү пикир алмашышып, өз ара суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле COVID-19 илдетинен улам жана саясий туруксуздуктан келип чыккан экономикалык кедергилердин алкагында ишкердикти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча өз каалоолорун билдиришти (белгилүү убактарга КРнын фискалдык органдары тарабынан көп жолку текшерүүлөрдү кыскартуу же жоюу, сот бийлигинин, укук коргоо жана фискалдык органдардын ишин жакшыртуу ж.б.).

Кыргыз тарабы өлкөдө мындан эки ай мурун болгон туруксуз абалдан айрым терс күчтөр учурдан пайдаланып, инвесторлордун мүлкүнө зыян келтирилген, алардын ишинде тоскоолдуктар түзүлгөн. Мында россиялык компаниялар да жабыр тартышкан.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары Тышкы иштер министрлигинин түзүмүндө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, экспорт жана туризмди жана башка экономикалык дипломатия менен байланышкан башка милдеттерди алга жылдыруу боюнча КРнын тийиштүү мамлекеттик органдарына максималдуу көмөк көрсөтүү максатында экономикалык дипломатия боюнча департаменттин түзүлгөндүгү тууралуу маалымат алышты.

Ушуга байланыштуу россиялык компанияларга ТИМдин экономикалык дипломатия боюнча департаменти менен тыгыз байланыш орнотуп, конкреттүү кайрылуулар жана аларды чечүү жолдорун издөө боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү сунушу айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө РФнын ишкердик чөйрөсү менен предметтик сүйлөшүүлөр болуп, анда көйгөйлүү маселелер, ошону менен бирге соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-россиялык кызматташуусун жакшыртуу, өз ара аракеттердин келечектүү багыттарын ишке ашыруу жана андан ары өнүктүрүү жана жалпы экономиканы өнүктүрүү үчүн КРнын мамлекеттик органдары менен ишкердик коомчулуктун өз ара мамилесин жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу боюнча сунуштар айтылды. Тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-россиялык кызматташуусунун актуалдуу маселелерин чечүү жана алга жылдыруу үчүн мындай жолугушууларды уюштуруу практикасын улантуу тууралуу келишимге келишти.

Жолугушуунун аягында Казакбаев россиялык ишкерлерге ачык диалог үчүн ыраазычылыгын билдирди. Жаңы өкмөт радикалдуу реформаларды, алардын ичинде чет өлкөлүк ак ниет ишкер жана инвесторду коргоого багытталган соода-экономикалык жана фискалдык багыттарга басым жасалган реформаларды ишке ашырууну планга койгону тууралуу белгилеп кетти.

Иш-чарада Россиянын ишкердик чөйрөсүнүн 25 өкүлү, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы соода маселелери боюнча кеңешчи, Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан тоо өнөр жай гильдиясынын, жеңил өнөр жай, соода, тейлөө кызмат, коопсуздук жана укук тармактарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий