• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакбаев Молдова премьеринин м.а. жана Украинанын ТИМ башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышусунда "Инновациялык дипломатия: Жаңы доор, жаңы ыкмалар" урааны астындагы биринчи "Анталья дипломатиялык форуму" ишин баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чакырылгандардын катарында Азиянын, Африканын, Европанын жана Латын Американын 40тан ашуун өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, тышкы иштер ведомстволорунун башчылары, эл аралык уюмдар, саясатчылар, саясат таануучулар, эл аралык ишкер чөйрөлөрүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү бар.

Форумдун биринчи күнү министр Казакбаев Молдова Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучусу, тышкы иштер жана европага интеграциялоо министри Аурелей Чокой жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги байланыштарды жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссияны жаңыртуу зарылдыгын белгилешти. Өлкөлөрдүн соода жүгүртүүнү көбөйтүү, айыл чарба, логистика жана ишкер байланыштар жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар деп макулдашышты.

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Инвестициялар министрлигинин түзүлгөндүгүн, бизнес-форумду уюштуруу боюнча даярдык иштери тууралуу маалымат берип, кыргыз-молдова жана кыргыз-украин министрлер аралык консультацияларын калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Министр Молдова жана Украина тарапка кайрылып, БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешине 2023-2025-жылдар мезгилине, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдар мезгилине туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигине колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Казакбаев Кыргызстан эки тараптуу мамилелеринин бүткүл комплексинин ажырагыс бөлүгү катары эсептеген парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары прогрессивдүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Молдова тарапка мурда берилген бир катар келишимдердин долбоорун кароону тездетүүнү суранды.

Ошондой эле КРнын тышкы иштер министри кесиптештери менен болгон жолугушуулар алкагында Кыргызстан КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ сыяктуу бир катар регионалдык уюмдардын мүчөсү экендигин жана ушуга байланыштуу, бул өлкөлөр менен эки тараптуу өз ара аракеттенүү, жана жогоруда аталган эл аралык институттардын алкагында кыргыз тараптын өзүнө алган милдеттенмелерине таасир этпеши керек экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында министрлер бири-бирин расмий сапар менен келип кетүүгө чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий