• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жакында Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылат

Саясат 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-октябрында КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содномдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Министр Казакбаев элчи Ганхуяг Содномду Монголиянын Кыргызстандагы Республикасындагы биринчи элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Казакбаев монголия тарапка Монголиянын Кыргызстандагы элчилигине Башкы консулдукту кайра уюштуруу чечими үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле жакын арада Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин ачылышы тууралуу маалымат берди.

Тараптар кыргыз-монгол мамилелеринин учурдагы абалын талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечеги, атап айтканда, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасоо жана борборлор ортосунда түз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгү тууралуу пикир алышышты.

Мындан тышкары, дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын утурлай Р. Казакбаев бул иш-чараны биргелешкен күч-аракет менен белгилөөгө чакырды: эң жогорку жана жогорку деңгээлде, тышкы иштер органдарынын деңгээлинде эки тараптуу сапарларды уюштуруу, бир катар маданий иш-чараларды өткөрүү.

Өз кезегинде Монголия элчиси министрге ыраазычылык билдирип, Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жолдогон саламды жеткирди. Г.Содном учурда эки өлкөнүн ортосунда кызматташуунун дээрлик бардык багыттары боюнча келишимдик-укуктук база толук калыптангандыгын белгилеп, соода, экономика, айыл чарба, туризм, маданият жана илим тармактарында эки тараптуу мамилелерди активдештирүү жана реалдуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Мындан тышкары, монгол тарап Монголиянын Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилигин эртерээк ачууга үмүт артарын билдирди.

Сүйлөшүүлөр достук маанайда жана талкууланган бардык маселелер боюнча толук өз ара түшүнүшүү духунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий