• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамиленин белгиленишинин 30 жылдыгына туташ Россияга болгон расмий сапарынын алкагында 2022-жылдын 5-мартында Россия президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен анын жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, саясий диалогдун жогорку деңгээлин, биримдик жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы кыргыз-орус мамилелеринин күжүрмөн мүнөзүн канааттануу менен белгилешти. Соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле борборазия регионунда туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө жаатында аракеттерди арттыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министр Казакбаев дүйнөдөгү бекем коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселесине маани берүү менен, Кыргызстан коопсуздук жана бардык өлкөлөр үчүн коопсуздуктун кепилдигин камсыз кылуу зарылдыгы чөйрөсүндөгү бушаймандыкты бөлүшөрүн баса белгиледи.

Украинанын тегерегиндеги кырдаалды талкуулоо менен, министр Р. Казакбаев, кандай гана жаңжал болбосун аны бөтөнчө саясий-дипломатиялык каражаттар менен чечүү зарылдыгын айта келип, тынчтыкты орнотуу, баарынан мурда, мындан ары тынч жашаган калк арасындагы өлүмдөргө, ошондой эле өлкөлөрдүн жана элдердин глобалдуу тирешиндеги кырдаалдын күчөп кетишине жол бербөө үчүн тараптар тез арада өз ара ыңгайлуу чечимдерге жетүүлөрүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Жаңжалды жөнгө салуу үчүн кандай гана болбосун мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде, эгерде мурдагы ыкмалар иштебей калса, жаңы форматтарды жана механизмдерди түзүү жолу менен издөөнүн зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий