• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакбаев Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын ийгиликтүү деп баалады

Саясат 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын ийгиликтүү деп баалады.

Анын айтымында, мамлекет башчысынын расмий иш сапарынын алкагында, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу жолугушуулар өттү. Жалпысынан иш сапар ийгиликтүү болду.

“Кыргызстан менен Түркмөнстан – стратегиялык өнөктөштөр жана бир тууган элдер. Ошондой эле биз БУУ, ЕККУ, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, КМШ жана башка көп тараптуу платформалардын алкагында активдүү кызматташабыз жана ишенимдүү өнөктөштөрдөн болуп саналабыз», - деди министр.

Руслан Казакбаев бир күн мурун бизнес-форум болуп өтүп, анын жыйынтыгында эки мамлекеттин мамлекеттик жана жеке компанияларынын ортосунда 15 контракт түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле, ар кандай тармактардагы 15 эл аралык келишимге, макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду. Атап айтканда, айыл чарба, маданият, спорт, соода-экономикалык мамилелер, өндүрүштүк кооперация ж.б тармактарда.

Анын белгилешинче, уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларын түзгөн Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишим үчүн түркмөн тарапка ыраазычылык билдирүү керек. Учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги келишимдин тексти боюнча иштей баштады. Ошону менен бирге келечекте кыргыз-түркмөн мектептерин куруу жөнүндө алдын-ала сөз болду.

Министр сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык коопсуздук маселелери –учурдагы мезгилдин коркунучтары боюнча маселелер дагы талкуулангандыгын баса белгиледи. Кеп Ооганстандагы кырдаал, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүү маселелери тууралуу жүрдү.

Руслан Казакбаев энергетика жаатында кызматташуу маселелери көтөрүлгөнүн кошумчалады. Коңшу республикалардын аймактары аркылуу Кыргызстанга жаратылыш газын жана электр энергиясын өлкө үчүн алгылыктуу баада жеткирүү боюнча алдын-ала макулдашуу бар. Бардык маселелер жана келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелерге шайкеш келгенин белгилей кетүү маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий