• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакбаев шайлоого байкоо жүргүзүүгө келген эл аралык миссиянын өкүлдөрү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Кечээ, 29-ноябрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУ/ДИАУБ директору Маттео Мекаччи жана шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиянын өкүлдөрү Дама Одри Гловер (ЕККУ/ДИАУБ), Питер Юэль-Йенсен (ЕККУ Парламенттик ассамблеясы), Марина Берлингьери (Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы) менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тышкы саясий ведомствосунун башчысы эл аралык миссиялардын байкоочуларына болуп өткөн парламенттик шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө катышкандыгы, ошондой эле Кыргызстандагы демократиялык процесстерди илгерилетүүгө ЕККУ тарабынан салттуу түрдө колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Р.Казакбаев сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасында бийликтин жалгыз булагы болуп Кыргызстандын көп улуттуу эли эсептеле тургандыгын белгилеп кетти. Эл аралык байкоочуларга маанилүү саясий жана коомдук өзгөрүүлөр боюнча маалымат берди. Мурда элдин анык эркин чагылдырбаган дал ушул парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин кыжырын келтирип, нааразычылыгын пайда кылгандыгын белгиледи. Демократиялык жана таза шайлоону камсыз кылуу өлкөнүн келечеги жана коому үчүн өзгөчө мааниге ээ болду.

Кыргызстан тышкы саясатты ырааттуу жүргүзөрүн, ачык жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү боюнча кабыл алган эл аралык милдеттенмелерин ак ниет аткара тургандыгына ишендирди. Муну тастыктоо үчүн кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын чакыруусу боюнча дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн келген 700дөн ашуун эл аралык байкоочулары үчүн шайлоо процессине тоскоолдуксуз жана ачык байкоо жүргүзүүнү камсыз кылды.

Р.Казакбаев жалпы улуттук иш-чаралардын, анын ичинде конституциялык жана мыйзамдык реформалардын жыйынтыктары бардык саясий күчтөр тарабынан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын активдүү жана күчтүү жарандык коому тарабынан кабыл алынып, элдин биримдигинин кепилдиги болуп калагандыгын белгилеп кетти.

Жаңы бийлик биринчи кезекте демократиялык жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө кызыкдар болуп, административдик ресурстун кийлигишүүсүн жана көпчүлүк добуштарды сатып алууну болтурбоону, ошондой эле добуш берүүнүн жашырындуулугун жана бардык жарандар үчүн шайлоого бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну талап кылды.

ЕККУ/ДИАУБнун, ЕККУ ПА жана ЕКПА эл аралык байкоочулары Кыргызстандын элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты.

Өткөн шайлоолордун атаандаштыгын, шайлоо процессинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыздоо боюнча жогорку уюштуруу иштерин белгилешти.

Болуп өткөн шайлоолор тууралуу ЕККУ/ДИАУБ, ЕККУ ПА жана ЕКПА жалпысынан оң пикирин билдирүү менен, миссия өлкөдөгү кардиналдуу өзгөрүүлөрдү, ошондой эле жаштар менен аялдарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде, ЕККУ/ДИАУБ директору М.Мекаччи кыргыз тарабына эки айдын ичинде эл аралык миссиянын акыркы отчету жиберилерин билдирди.

Жыйынтыгында министр ЕККУ/ДИАУБду эл аралык миссиясынын акыркы отчету даяр болгондон кийин 2022-жылдын январь айында аны презентациялоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий