• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакбаев Стамбулда ТТМККнын алкагында ТИМ башчыларынын кеңешинин отурумуна катышат

Саясат 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 11-ноябрында Стамбул шаарында Түрк кеңешинин (Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин/ТТМКК) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын алкагында ТТМККнын күн тартибинин актуалдуу маселелери, бул эл аралык уюмдун өнүгүү перспективалары, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча пикир алмашуу пландалууда.

Ошондой эле бир катар документтер, анын ичинде Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна коюлуучу маселелер каралат.

Пикир

Оставить комментарий