• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Түрк кеңешинин жакынкы арадагы өнүгүү келечеги жана бул эл аралык уюмдун алкагында ушул жылы пландаштырылган иш-чаралар талкууланды.

Министр ички саясий кырдаал, өлкөдөгү маанилүү саясий процесстер жөнүндө айтып берди жана Түрк кеңешине Кыргызстандын ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Р

Руслан Казакбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы боордоштукту жана биримдикти чыңдоо боюнча ТТМККнын активдүү көп кырдуу ишмердүүлүгүн жогору баалады.

ТТМККнын Башкы катчысы Катчылык тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы Аймактык бюросу менен биргеликте мүчө-мамлекеттерге жана байкоочу-мамлекеттерге коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдады.

Мындан тышкары, Багдад Амреев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысына жакынкы жыйырма жылдыкта кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын чагылдырган ТТМККнын өнүктүрүүнүн жол картасы болуучу «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» жана Түрк кеңешинин 2020-2025-жылдарына Стратегиясы» документинин долбоорун тапшырды.

Ошондой эле тараптар Түрк кеңешинин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты жана ТТМККнын алкагында Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө эки тарап тең кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий