• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакбаев Түркиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жазуучу Эрдоганды кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-апрелде КР тышкы иштер министрлигинде министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, жазуучу О. Эрдоганды кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында 2021-жылдын 8-10-июнунда Түркия Республикасында пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.

О. Эрдоган Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумун Анкара шаарында өткөрүүгө багытталган түрк тарабынын көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берди. Жыйырмадан ашуун мамлекеттин илим жана маданият ишмерлери катышуусун тастыктагандыгын айтты.

Аталган форумдун алкагындагы пландаштырылган иш-чараларга Түркия Республикасынын жетекчилигинин катышуусу күтүлүп жатканын маалымдады. Ошол эле учурда Эрдоган кыргыз тарабына Эл аралык Ысык-Көл форумуна жогорку жана жогорку деңгээлде катышуу өтүнүчүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Казакбаев түрк тарабына Ысык-Көл форумун Түркияда өткөрүү боюнча демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал аталган форумду мындан ары кеңири жайылтуунун жана үчүнчү өлкөлөргө бул форумдун туруктуу жолугушууларын уюштуруу мүмкүнчүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

О. Эрдоган түрк тарап Ч. Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун маанилүүлүгүн дүйнөдө жайылтууда саясий жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий