• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакбаев түркмөнстандык кесиптеши Рашид Мередов менен кызматташтык маселесин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-ноябрында Ашхабадда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду мындан ары тереңдетүүнүн, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн, маданий-гуманитардык байланыштарды колдоонун жана эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары кыргыз-түркмөн мамилелеринде маселелердин кеңири чөйрөсүн, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Атап айтканда, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын бешинчи жыйынын өткөрүү, кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, «Түркмөнстан» бизнес борборун Бишкекте куруу, «Түркмөнстан» курорттук-рекреациялык чөйрөсүн Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда куруу жана башка маселелери талкууланды.

Эки өлкөнүн Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында кызматташуусу жана КР президенти Садыр Жапаровдун Ашхабадда өтө турган ЭКУнун саммитинин ишине катышуусу боюнча маселелер өзүнчө каралды.

Министрлер эң актуалдуу эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашып, Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы саясий-дипломатиялык кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын, ал эми эки мамлекеттин беделдүү эл аралык уюмдардын алкагындагы демилгелерин жана башталыштарын өз ара колдоо өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугун белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий