• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакбаев TUKID уюмунун түзүлгөндүгүнүн бир жылдыгына арналган бизнес-конференцияга катышты

Саясат 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 21-декабрда TUKID коомунун негизделген күнүнүн жылдыгына карата бизнес-конференцияга катышты.

Иш-чарага ошондой эле түрк тараптан – Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координатору Осман Уста, Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин башчысынын милдетин аткаруучу Нурадил Баясов, экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов катышышты.

Казакбаев ишкерлер чөйрөсүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө бүгүнкү күндө кыргыз тарап соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлеринин ортосундагы кызматташтык көпүрөсүн бекемдөө аракеттерин арттырууга өзгөчө маани бере тургандыгын белгиледи.

Министр Казакбаев өткөн жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча бир катар чаралар көрүлгөндүгүн белгиледи. Алардын эң негизгилери болуп 10-июндагы президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында өткөн бизнес-форумдар, ошондой эле 10-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отуруму саналат. Ошол эле учурда Түркиянын TOBB жана DEİK сыяктуу абройлуу бизнес уюмдары менен абдан активдүү кызматташтык уланууда.

Тышкы саясий ведомствосунун башчысы бул иш-чаралар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге алып чыгып, эки өлкөнүн соода-экономикалык алакаларынын өнүгүшүнө кошумча түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Казакбаев ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө быйылкы жылы республикада саясий күн тартиби ишке ашырылганын, ушуга байланыштуу президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинети экономикалык чөйрөдөгү реформаларга бардык күч-аракеттерин жумшоого ниеттенгендигин жана ушул контекстте бизнес-коомчулукту өз долбоорлорун кеңейтүүгө жана Кыргызстанда соода-инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө чакырды.

Маалымат үчүн: “TUKID/Ишкердик, маданият, тилектештик жана достук Түркия-Кыргызстан” коомдук бирикмеси 2021-жылдын 2-декабрында Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен түзүлгөн. Ассоциацияга Кыргызстанда экономиканын түрдүү тармактарында алектенген кыргыз жана түрк ишкерлери кирет.

Пикир

Оставить комментарий