• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев: ЖӨБ институттарын өнүктүрүү КР жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири

Саясат 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 12-мартында Анталиядагы дипломатиялык форумдун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана Регионалдык Бийлик Конгрессинин президенти Лин Вербек жана Башкы катчысы Андреас Кифер менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун негизги темасы Кыргызстан менен Конгресстин ортосундагы кызматташуунун перспективасын талкуулоо болду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарын өнүктүрүү жана алардын ролун жогорулатуу Кыргызстандын жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болорун министр Р. Казакбаев белгиледи. Буга байланыштуу Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы тууралуу маалымат берип, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө Конгресстин эксперттик потенциалын жана бай тажрыйбасын пайдаланууга кызыкдар экендигин билдирди.

Анталия форумунун алдында Бишкекке келгендиги үчүн Башкы катчы А. Киеферге ыраазычылык билдирип, келечекте активдүү диалогду улантууга чакырды.

Конгресстин президенти Л. Вербик Кыргызстандын демократиялык жетишкендиктерин жана Кыргызстан менен Европа Кеңешинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын активдешүүсүн белгиледи. Ал Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана Регионалдык Конгрессинин иши жана кыргыз тарап менен кызматташуусунун потенциалдуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Жолугушуу Кыргызстан үчүн “Жергиликтүү демократия боюнча өнөктөш” статусун алуу боюнча тараптардын кийинки кадамдарын талкуулоого маанилүү мүмкүнчүлүк түздү.

Пикир

Оставить комментарий