• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакбаев: Жапаровдун Анкарага болчу сапарында 8-10 стратегиялык келишимге кол коюлушу күтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Анкарага болчу сапарында бардык багыттагы 8-10 стратегиялык келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Эскерте кетсек, Казакбаев Бишкекте Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушуу өткөргөн.

Казакбаев Мевлүт Чавушоглу менен кыска жана кеңири форматта сүйлөшүү болгонун айтат.

"Эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо максатында коюлган стратегиялык кызматташтыктын пландары менен эки тараптын тең канааттануусу белгиленди. Жеке байланыштарыбызды чыңдай алдык. 2020-жылы ноябрь айында өлкөбүздөгү саясий окуялардан кийин биринчилерден болуп Анкарага иш сапар менен мени чакырып, бардык жагынан колдоо көрсөткөн Мевлүт Чавушоглу болду", - дейт ал.

Министр жай айында Ысык-Көлдө инвестициялык форумун өткөрүү, кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын ачылышы боюнча сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи.

"Түркияга барганда "Мариф" фонду менен келишимге кол коюлган. Жакын арада ал фонд келип, өлкөдө билим берүү мектептерин ача башташат. Мындан сырткары, эки мамлекеттин башчылары жолугушканда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода көлөмүн 1 млрд долларга чыгарабыз деген максат коюлган. Мевлүт Чавушоглу өзү менен чоң ишкерлерди ала келип, президент менен жолуктурду. Алдыда премьер-министр Улукбек Марипов жана министрлер менен жолугушуу болот", - деп айтат ал.

Кыргызстандын тышкы иштер министри кошумчалагандай, президент Садыр Жапаров буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Президенттин Анкарага боло турган расмий сапарында кол коюла турган келишимдер туурасында да кеңири сүйлөшүү болду. Бардык багыттагы 8-10 стратегиялык келишимге кол коюлушу күтүлүүдө", - деп билдирди министр.

Пикир

Оставить комментарий