• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаев ЖККУнун Башкы катчысы Зась менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 28.01.21./Кабар/. 2021-жылдын 27-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун кызмат ордуна киришүүcүнө байланыштуу аземине катышуу үчүн келген Жамааттык Коопсуздук Келишим жөнүндө Уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Стансилав Зась менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жамааттык коопсуздук системасын мындан ары чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашылды.

Тараптар регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Зась уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декабрдагы сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча пландаштырылып жаткан иши жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде министр Казакбаев Кыргыз Республикасы ЖККУнун алкагында бардык тараптардын кызыкчылыктарына жооп берген бардык багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий