• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакбаев ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жумушчу жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-декабрында Швециянын Стокгольм шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчө-мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө Уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери эл аралык күн тартиби, ошондой эле ЖККУнун учурдагы маселелери боюнча пикир алмашты.

Мындан тышкары, Уюмга мүчө-мамлекеттердин ЕККУ алкагында өз ара аракеттенүү жана бул багыттагы биргелешкен кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Министр Р.Казакбаев белгилегендей, ЖККУнун алкагында кызматташуунун артыкчылыктуу багыты тышкы саясий координацияны жакшыртуу жана коркунучтарга жана коопсуздуктун чакырыктарына каршы туруу боюнча жамааттык күч-аракеттерди күчөтүү, анын ичинде ЖККУнун эл аралык уюмдар жана үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселелери болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий