• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакбаевге Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын иши тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 03.07.21. /Кабар/. Кечээ, 2-июлда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий иш сапарынын алкагында Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын президенти Ровнаг Абдуллаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Р.Абдуллаев Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) иши жөнүндө айтып берди. Тараптар Кыргызстанда SOCAR долбоорлорун өз ара аракеттенүү жана жүзөгө ашыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле расмий иш сапардын жүрүшүндө министр Р.Казакбаев, Азербайжандын президентине караштуу жарандарга кызмат көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча Азербайжан мамлекеттик кызматы «АСАН» агенттигинде барды.

Министрге кызматтын ишмердүүлүгү, анын ичинде көрсөтүлгөн кызматтардын тизмеси тууралуу презентацияланды. Ошол эле учурда министр Р.Казакбаев «АСАН» кызматынын өкүлдөрүн санариптештирүү жана башка электрондук кызматтар боюнча тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий