• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Kazakh TV» өз берүүлөрүн кыргыз тилинде көрсөтө баштайт

Коом 0

Бишкек, 01.05.18 /Кабар/. 2018-жылдын 1-майынан тарта үч тилде өз берүүлөрүн көрсөтүп келе жаткан «Kazakh TV» телеканалы, төртүнчү тилде - кыргызча көрсөтө баштайт.

"Кабар" агенттигине телеканалдан билдиришкендей, эми каналдын телеберүүлөрү көрүүчүлөр үчүн күнү-түнү, казах, орус, англис жана кыргыз тилиндеринде жеткиликтүү.

"Телеберүүлөрдү 120 өлкөнү камтыган HotBird 13, AsiaSat 5, Galaxy 19, Kazsat 2/3 спутниктери аркылуу көрө аласыздар. Ошондой эле көрсөтүүлөр төрт тилде тең каналдын www.kazakh-tv.kz сайтында жеткиликтүү. Азыркы күндө кыргыз тилинде телекөрсөтүү үчүн 450 долбоор которулуп, үн коштолду", -деп айтылат билдирүүдө.

«Хабар» Агенттиги» АК Башкармалыгынын Төрайымы Алмагүл Ахметжанова бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: «Жаңыртылган үн коштоодо курамга алгачкылардан болуп кыргыз тили кошулгандыгы - өтө символикалык. Көп жылдардан бери Казахстан жана Кыргызстандын тарыхы бири-бири менен өтө тыгыз байланышта. Биздин маданияттар ар бири өз-өзүнчө кайталангыс, бирок кантсе да окшош. «Kazakh TV» телеканалы жеке эле Казакстандын маданияты, үрп-адаты жана туристтик артыкчылыктары менен эле чектелбестен, Борбордук Азия өлкөлөрүн да чагылдырат. Эми бул контент биздин кыргыз тилдүү көрүүчүлөрүбүз үчүн, алардын эне тилинде жеткиликтүү болгондугуна кубанычтабыз. Биз жалпы борбор азиялык көрүүчүлөргө ынгайлуу болушу үчүн үн коштоонун санын көбөйтүүгө багытталган иштерди улантабыз».

Кыргыз тилдүү үн коштоонун ишке ашуусу үчүн штатка журналисттер, дикторлор жана редакторлор кабыл алынган.

Маалымдама: 2017-жылдын 16-ноябрынан тарта «Kazakh TV» көп каналдүү көрсөтүүгө, жеткиликтүү болгон үч тилде үн коштоо менен өткөн. Телеканал өз ишин 2002-жылы баштаган.

Пикир

Оставить комментарий