• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан: 1-майдагы митингде кармалган активисттер өзгөрүүлөрдү талап кылышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Нур-Султан шаарында 1-майдагы митингдер маалында кармалган жана айыппулга жыгылган жарандык активисттер Казакстандагы адам жана тынч жыйындарды өткөрүү укуктарынын абалын талкуулашты.

Активисттер полиция тарабынан кармалганда же камакка алынганда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча өз пикирлерин айтышты. Жолугушууга жарандык активисттерден тышкары көп балалуу энелер, лидери бир жылга жакын убакыттан бери камакта жаткан «Жер тагдыры» коомдук бирикмесинин тарапташтары, ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрү катышты. Жыйында сөз алгандар казак, орус жана англис тилдеринде сүйлөштү.

«Мен көп балалуу энелер менен жаштардын артына жашырынууну каалабагандыктан аянтка чыктым. Бул үчүн 10 сутка камакта жаттым. Бул кадамыма эч өкүнбөйм, мындан кийин дагы чыгууга даярмын. Кош көңүлдүктү ташташыбыз керек, биз чыныгы демократиялык өлкөдө жашоого татыктуубуз», — деди 1-майда кармалган активист Жанар Амангалиева.

Чогулгандар өлкөдө өзгөрүүнү каалай тургандыктарын айтып, бул үчүн биригүү керектигин белгилешти. «Эң башкысы 1-майда эл өз коркунучун жеңди. Старт берилди. Биз жашпыз, биригишибиз керек. Ошондо бизге ата-энелерибиз дагы кошулат», – деди активист Алимжан Избасаров.

1-майда Нур-Султан жана Алматы шаарларында уруксат берилбеген митингдер болуп, анын катышуучулары өлкөдө таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Ал күнү нааразылык акциялары өлкөнүн башка бир нече шаарында дагы өткөн. Казак Ички иштер министрлиги анда Алматы менен Нур-Султанда 80 киши кармалганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий