• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан 10-сентябрда дан жана ун экспортуна киргизилген чектөөнү алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Казакстан 10-сентябрда өлкөдөн дан жана ун чыгырып кетүүгө киргизилген чектөөнү алат. Бул тууралуу маалымат казак өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Апрелде санкциялардан улам Россия дан экспортун токтотуп, ага улай Казакстан буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизген. Июнда бул чектөө сентябрдын аягына чейин узартылган.

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 13 миллион тоннадан ашуун буудай чогултуу пландалууда. Бул былтыр жыйналган түшүмдөн 12 пайызга көп. Казак бийлиги ички керектөөнү 6,5 миллион тоннага баалады.

Пикир

Оставить комментарий