• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстан: 52 өзбек жараны мерт болгон автобус кырсыгы боюнча сот Актөбөдө өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Өзбекстандын 52 жараны мерт болгон Казакстандагы автобус кырсыгы боюнча сот Актөбө шаарында өтөт. Бул тууралуу Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындай чечимди сот ишти Актөбө шаарындагы сотко өткөрүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн карагандан кийин 16-августта кабыл алган.

Алгач иш Иргиз райондук сотунда каралмак. Бирок ал облус борборунан 430 чакырым алыс болгондуктан, адвокаттар ишти Актөбө шаарындагы сотко өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун жылытуу үчүн каңдагыч лампа колдонуудан улам чыккан.

Бул иш боюнча айыпталуучу катары беш адам өтүүдө. Алар авобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги. Автобус айдоочулары Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатов 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Компаниянын жетекчиси менен механиги белгилүү бир аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине болсо эл аралык издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий