• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан аркылуу Россияга баңгизатын алып бара жаткан кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Казакстан аркылуу Россияга 24 кг баңгизатын алып бара жаткан кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук милициясынын Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам маалыматтарынын негизинде иш-аракеттер жүргүзүлүп, Лейлек районунун тургуну өзүнө тиешелүү унаада баңгизатын алып бараткандыгы белгилүү болгон. Лейлек районунун 38 жаштагы тургуну 9-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы чек ара өткөрмө бекетинен кармалды.

Текшерүү иштеринин алкагында белгилүү болгондой, 12 брикеттеги баңгизаттын жалпы салмагы 24 кг болгон.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий