• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан: Арыстагы үйлөрдүн 85 пайызына доо кеткен

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Курал-жарак сакталган кампадан чыккан жарылуудан Арыс шаарындагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланган.

Бул тууралуу 28-июнда Түркстан облусу боюнча өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Нургали Жунусов билдирди. Анын айтымында, 24-июнда шаардын 63 жеринде, анын ичинен 26 үйдө өрт чыккан.

28-июндан тарта жашоочулар Арыс шаарына кайтууга уруксат алышты.

Түркстан акимчилиги Экология министри Магзум Мирзагалиевге таянуу менен шаарда радиация коркунучу жок экенин жарыялады.

“Атмосфера таза, суу жана жер кыртышы булганган эмес. Экология, геология жана жаратылыш ресурстар министрлиги Арыс шаарынын экологиялык коопсуздугун тастыктайт” деген министр.

27-июнда арыстыктар Шымкентте нааразылык акциясын өткөрүп, жарылуу болгон шаарда жашабай турганын айтып, башка аймактардан турак-жай, жер тилкелерин берүүнү талап кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий