• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан: Арыстын тургундарына компенсация төлөөгө 11,7 миллион доллар талап кылынат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Казак бийлиги Түркстан облусундагы Арыс шаарынын ар бир тургунуна компенсация катары 100 миң теңгеден 263 доллар) төлөп берүүнү пландап жатат.

Облус башчысынын орун басары Жолдымурат Аманбаевдин айтымында, бул үчүн жалпысынан 4 миллиард 478 миллион 100 миң теңге (11,7 миллион доллар) талап кылынат. Керектүү сумманы облустук жана республикалык бюджеттен, ошондой эле Арыстын тургундарына жардам катары топтолгон атайын фонддон алуу каралууда.

«Бүгүн саат 12ге карата аталган фондго 1 миллиард 219 миллион 934 теңге (3 миллион доллардан ашык) топтолду. Фонддогу бардык каражат шаар тургундарына берилет. Бул үчүн эч кимден кошумча кагаздар талап кылынбайт», — деди Аманбаев.

Расмий маалыматтарга ылайык, 24-июнда Арыс шаарындагы курал-жарак сактаган кампадагы жарылуудан үч адам мерт болуп, миңдеген тургун коопсуз жерлерге көчүрүлгөн. Медициналык жардам сурап 400дөн ашык киши кайрылса, алардын 90го жакыны ооруканаларга жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий