• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан авиакомпанияларына Украинага учууга тыюу салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Казакстандын авиакомпанияларына Украинанын аба мейкиндигинен учууга тыюу салынганы тууралуу көрсөтмөлөр жөнөтүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

"Согуштук аракеттерден улам Украинанын аймагында жарандык авиация үчүн коркунуч жогору болуп жатканына, ошондой эле Днепр, Львов, Симферополь, Одесса, Киев өңдүү шаарлардын жана башка аймактардын үстүнөн учууга тыюу салынгандыгына байланыштуу бардык ата-мекендик авиакомпаниялардын Украинанын бүткүл аймагы аркылуу учушуна тыюу салынат", - деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

Мекемеден Казакстандын авиациялык администрациясы тиешелүү көрсөтмөлөрдү (радиограммаларды) казак авиакомпанияларына жөнөткөнүн билдиришти.

Жарандык авиация комитетинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата "Эйр Астана" авиакомпаниясынын жумасына үч жолудан аткарыла турган Алматы — Киев жана аптасына эки жолудан аткарылган Нур-Султан — Киев багыттары боюнча каттамдары токтоду.

"Эйр Астана" авиакомпаниясы Украинага каттамдар токтотулганы жөнүндө жүргүнчүлөргө SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүүдө.

"Украинанын аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу бүгүнкү күндөн тарта Киевге бардык каттамдар токтотулат. Бул бери дегенде эле 7-мартка чейин созулушу мүмкүн. 22-февралдан 7-мартка чейинки каттамдарга алынган билеттерди кайтарууга же башка каттамдарга алмаштырууга 31-мартка чейин уруксат берилет", - деп жазылган авиакомпаниянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий