• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан бүгүн коронавирустан курман болгон кишилерге аза күтүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Казакстан бүгүн, 13-июлда коронавирустан курман болгон кишилерге аза күтүүдө.

Улуттук аза күтүү күнүндө бардык көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Жалпы өлкөдө, анын ичинде чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө туу түшүрүлдү.

Жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 12де бир мүнөттүк үнсүздүк жарыяланды. 13-июлда мечиттерде жана чиркөөлөрдө курман болгондорго багышталып, диний жөрөлгөлөр жасалды.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө вирус жуктуруп алган кишилердин саны 60 миңге жакындады. Соңку суткада инфекция дагы 1 646 адамдан табылды. 7-12-июль аралыгында 111 киши көз жумду. Казак бийлиги вирус 375 адамдын өмүрүн алганын билдирүүдө.

Казакстанда пневмония менен ооругандардын саны СOVID-19га кабылгандардын расмий статистикасына кошулган жок. Июль айынан бери коронавирустан өлгөндөрдүн саны жумасына бир ирет гана жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий