• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан бааларды турукташтыруу үчүн бензин импортун азайтат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев өлкөдө күйүүчү майдын баасын турукташтыруу үчүн алдыңкы эки айда бензинди импорттоо көлөмүн азайтууну пландап жатканын билдирди.

Анын айтымында, баалардын турукташы импорттолуп жаткан бензиндин дүң баасына жараша болот. Ушул жылдын май айында Орусиядан алынып келинген бензиндин баасы тоннасына 517 долларды түзсө, сентябрда 560 долларга чейин көтөрүлүп, 8 пайызга өскөн.

Министр май куюу жайларындагы баалардын жогорулашын ички базарда казакстандык мунай продуктусунун чектелген сунушу жана кымбат баадагы импорттолгон бензиндин көбөйгөндүгү менен түшүндүрдү. Расмий маалыматтарга ылайык, январда өлкө боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литринин орточо баасы 135 тенгени (январдын аягындагы курс боюнча 0,41 доллар) түзсө, сентябрда ал 150 тенгеге чейин (сентябрдагы курс боюнча 0,44 доллар) жетип, 11 пайызга кымбаттаган.

Бийлик импорт көлөмүнүн көбөйүшүн өлкөдөгү мунай иштетүү заводдорунун пландык негизде оңдолуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Министр Бозумбаев АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин импортун ноябрда 30 пайызга, декабрда 20 пайызга төмөндөтүү пландары бар экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий