• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кыла баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.01.18 /Кабар/. Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешиндеги бир жылдык төрагалык вазийпасын баштады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары расмий Астана өзөктүк куралдан арылып, тынчтыкка жетишүүгө, глобалдык согуш коркунучун жоюуга, аймактык чыр-чатактарды жөнгө салууга жана Борбор Азиянын кызыкчылыктарын коргоого, терроризмге каршы турууга артыкчылык берерин белгилейт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Казакстандын демилгеси боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Кот-д'Ивуар, Кувейт, Нидерланды, Перу, Польша жана Экваториалдык Гвинеянын желектерин орнотуу иш-чарасы өтөт.

18-январда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин төрагалыгы алдында «Массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо: ишеним чаралары» аттуу темада дебаттарды өткөрүү пландалган. Ал күндөрү Назарбаев АКШнын президенти Доналд Трамп менен да жолугары күтүлүүдө.

Беш өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө, ал эми он өлкө - эки жылга шайланган туруктуу эмес мүчөлөр.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий