• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстан биздин негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүбүздүн бири - Абылгазиев

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Казакстан биздин негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүбүздүн бири. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтуусунда, Кыргызстандын товар айлануусунда Казастан 11,2% ээлейт, анын ичинде экспортто – 14%.

"2019-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан менен Казакстандын соода алмашуусу 284 млн долларды түзүп, 2018-жылдын ушу мөөнөтүнө салыштырмалуу 12,7% өсүп, анын ичинде экспорт 95 млн долларды (өсүш 6,1%), импорт – 188,6 млн долларды (өсүш 5,7%) түздү", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Кыргызстанда экологиялык жактан таза продукциянын өндүрүүгө жана экспорттого жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар экенини баса белгилеп, эки тараптуу өндүрүш-техникалык, чийки зат, керектөөчү товарларды, азык-түлүк, химия жана жабдуулар жаатында соода-сатыкты өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүүгө даярдыгын билдирди.

Өз учурунда Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин бүгүнкү күн тартибинин мазмундуулугуна көңүл буруп, кабыл алынган чечимдер эки тараптын кызматташуусуна чоң салымын кошорун билдирди.

Аскар Мамин Казакстан эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты өркүндөтүү, андан тышкары башка маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий