• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Казакстан 2022-2024-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешине тандалды. Уюмдун Башкы ассамблеясы кеңештин 18 мүчөсүн 14-октябрда шайлады. Алардын арасында Казакстан сыяктуу эле адам укуктарынын бузулганы үчүн сынга кабылып келген Сомали, Катар, Эритрея өлкөлөрү да бар.

Кеңешке мүчө болуп тандалуу үчүн кеминде 97 добуш талап кылынат. БУУнун маалыматы боюнча Казакстанды Башкы ассамблеянын 184 делегаты колдоду.

"Казакстандын кеңештеги ишинин негизги багыттары катары гендердик теңчиликти алдыга сүрөө, аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жалпы өлүм жазасын жоюу, дин эркиндиги, жалпы инклюзивдүү билим берүүнү камсыз кылуу, ошондой эле пандемия шартында адам укуктарын сыйлоо маселелери аныкталды", – деп жазылган Казакстандын Тышкы иштер минстрлиги 15-октябрда тараткан билдирүүдө.

Казакстан БУУнун кеңешине адам укуктары көп бузулуп жатканы үчүн укук коргоочулар менен эл аралык уюмдардын сынына кабылып жаткан маалда тандалды. Бир нече күн мурда Human Rights Watch уюму БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болууга татыктуу талапкерлер өтө аз экенин билдирип, Казакстандагы абалды сынга алган.

"Казакстандын өкмөтү адам укуктарына өзгөчө көңүл буруп жатканын билдиргенине карабастан, өлкөдө сөз эркиндиги, жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугу жана көз карандысыз кесиптик кошуун түзүү мүмкүндүктөрү чектелген", – деп жазылган уюмдун билдирүүсүнө.

Казакстандын бийлиги жакында бир нече "саясий туткунду" эркиндикке чыгарган. Бирок укук коргоочулар өлкөдө активисттерди куугунтуктоо уланып жатканына тынчсызданып жатышат.

Ушул аптада "тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга" айыпталган 13 активист соттолгон. Алар буга чейин тынч митингдерге чыгып жүрүшкөн. Укук коргоочулар активисттер жарандык активдүүлүгү үчүн жазаланганын билдиришүүдө.

Быйыл февралда кабыл алынган Адам укуктарынын абалы тууралуу Европа парламентинин резолюциясында Казакстанда бул тармактагы абал начарлаганы белгиленген. Укук коргоочулардын айтымында, өлкөдө "өз көз карашын айтканы үчүн" куугунтукталган ондогон активист дале болсо түрмөдө калууда.

Адам укуктары боюнча кеңеш – курамына 47 мамлекет кирген БУУнун өкмөттөр аралык органы. Ал адам укуктары тармагындагы көңүл бурууну талап кылган окуяларды жана бардык тематикалык маселелерди талкуулоо менен алектенет. Кеңештин мүчөлөрү беш аймактык топтон шайланып, үч жыл бою өз милдеттерин аткарышат. Адам укуктары боюнча кеңештин жыйындары БУУнун Женевадагы бөлүмүндө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий