• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан чек арасын аба каттамдар үчүн гана ачкан - Акышев

Коом 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Казакстан чек арасын аба каттамдар үчүн гана ачкан. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Ал учурда "Алматы-Бишкек-Алматы" багыты боюнча "Эйр Астана" авиакомпаниясы жумасына 2 жолу каттам жүргүзүп жатканын билдирди.

"Казакстан тарап чек араны аба каттамдар үчүн гана ачууну чечкен. Санитардык-эпидемиологиялык талаптар боюнча кандайдыр бир чектөөлөр болушу мүмкүн. Бирок ал каттамдар жүргүзүлүп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий