• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан: ЕККУ миссиясынын башчысы талапкерлердин бардыгы менен жолугат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. Европадагы коопсуздук келишим уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун Казакстандагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясынын башчысы Уршула Гацек бардык талапкерлер менен жолугууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу ал 15-майда Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен Нур-Султан шаарындагы жолугушуусу маалында билдирди.

Өз сөзүндө Уршула Гацек 22 узак мөөнөттүү жана 300 кыска мөөнөттүү байкоочулардан турган миссия электоралдык жараянды бирдиктүү критерийлерге ылайык калыс жана натыйжалуу баалай ала турганын белгиледи.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мекеме президенттик шайлоого байкоочуларды кабыл алуу боюнча эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн Борбордук шайлоо комиссиялары менен жигердүү иштөөсүн улантып жатканын билдирди. «ЕККУдан тышкары Казакстанга КМШ, ШКУ, ТүркПА өңдүү бир катар эл аралык уюмдардын байкоочулары келишет», — деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

ЕККУнун байкоочулары президенттик шайлоо аяктаганга чейин өлкөдө болуп, добуш берүү боюнча баяндамаларды даярдашат. Анда ыктымал мыйзам бузуулар жана аларды жоюу боюнча сунуштар жазылат.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун миссиясы Казакстанда алгачкы жолу иштеп жаткан жок. Уюмдун байкоочулары түрдүү жылдары өлкөдөгү президенттик жана парламенттик шайлоолорго байкоо салып келген. 2015-жылы өткөн акыркы президенттик шайлоодо ЕККУнун байкоочулары үгүт өнөктүгү жана добуш берүү күнүндө бир катар мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен. Анда миссия казак бийлигине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу сунушун берген.

9-июнга белгиленген президенттик шайлоо Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгондон берки алтынчы жана мөөнөтүнөн мурда өтө турган төртүнчү шайлоо болуп калат.

Пикир

Оставить комментарий