• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстан элчилигинин алдындагы митинг: Бакиевге бир куту ич кийим берип жиберишти

Коом 0

Бишкек, 30.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге эки куту ич кийим жөнөтүштү.

Бүгүн саат 11де Казакстандын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдында “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин активисттери казакстандык телеканалга нааразычылык билди рүү жана качып кеткен президентке “белек” жөнөтүү үчүн чогулушту.

Аталган бирикменин мүчөсү Амантур Жамгырчиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, иш-чара Казакстандын башкы телеканалында “Тынчтык орнотуучунун миссиясы. Кыргыз сынуусу” тасмасын көрсөтүшүнө байланыштуу өткөн. Анда мурдагы президент Бакиев тартылып, келечекте мекенине кайта турганын айткан. Даректүү тасмада Бакиев: “Биз билбейбиз, реликвия катарыбы, айтор, менин ич кийимдеримден бери, байпактарымды да тартып алышты. Идиш-аякты айтпай эле коеюн. Мен ишенем, мезгили келгенде мекениме кайтам”, - деп билдирген.

“Биз Бакиевдин Кыргызстанга келишин, тиешелүү жазасын алышын чыдамсыздык менен күтөбүз. 2010-жылы 88 жигит каза болду, 100дөн ашыгы олуттуу жаракаттарды алышты. Бүгүнкү күнү алардын 44ү көз жумду. Келсин, биз аны күтүп жатабыз”, - деди Жамгырчиев.

Мындан тышкары, активисттер акцияга качып кеткен президент үчүн Жамгырчиев айткандай, эки куту “гум жардам” алып келишкен.

“Маекте Бакиев 2010-жылы аны ич кийимине чейин тоноп кетишкенин айтты. Биз ага жаңысын белек кылалы деп жатабыз, ага Назарбаев берип койсун. Мамлекетти тоноп алып, тазамын деп коет. Ошол кезде эмне болгонун биз даана билебиз. Албетте, кир кийимдерди деле берсек болмок, бирок боорубуз ачыды”, - деп билдирди активист.

Белгилей кетсек, буга чейин уюм “Курманбек Бакиев үчүн ич кийим чогултуу!” акциясы башталганы тууралуу жарыялаган.

Эскерте кетсек, кечээ казакстандык “Хабар” телеканалында Кыргызстандын мурдагы Роза Отунбаев жана Курманбек Бакиев 2010-жылы революция учурунда эмне болгонун айтып беришкен даректүү тасманы көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий