• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан ИИМ башчысы: Денис Тендин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши тергелип бүттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлтүрүлүшү боюнча иш тергелип бүттү. Бул тууралуу журналисттерге Казакстан ички иштер министри Калмуханбет Касымов билдирди.

Анын айтымында, иштин материалдары менен таанышуу жараяны башталды:

- Иштин материалдары менен таанышуу аягына чыккандан кийин ал дароо сотко жөнөтүлөт. Алар канча убакыт керек болсо, ошончо убакыт карашат, бул алардын укугу.

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаа уурулары кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан. Бул иш боюнча үч киши - Нуралы Киясов, Арман Кудайбергенов жана Жанар Толыбаева айыпталууда.

Жума башында Денис Тендин туугандары анын өлүмү боюнча иште толук маалымат жок экенин билдиришип, социалдык түйүндөр аркылуу кол салууга күбө болгон кишилер болсо кайрылууну суранышкан.

Пикир

Оставить комментарий