• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан: «интернетте диний кастыкты козутууга» айыпталган жаран ишти кайра кароону өтүндү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.20.28. /Кабар/. Социалдык түйүндөр аркылуу диний кастыкты козутууга айыпталган 29 жаштагы Имран Мухаффаров бүгүн Шымкенттин Абай райондук сотунда кылмыш ишти кайра кароону өтүндү.

Айыпталуучунун адвокаты Закир Асадов Музаффаровдун тиешелүү өтүнүчүн судья кабыл алып, бул боюнча чечимин кийинки жумада жарыялоону убадалады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Музаффаров социалдык түйүндөргө 2014-жылдан бери диний кастыкты козутуу белгилери бар материалдарды жарыялап келген. 4-октябрда прокурор соттук териштирүүлөр маалында бардык айыптоолор далилденгенин жана анын күнөөсүн мойнуна алганын эске алып, Музаффаровду үч жылга эркинен ажыратууну сураган. Андан мурунку күнкү көрсөтмөсүндө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алганын билдирген.

Адвокаттын айтымында, сотто Имран Музаффаровдун күнөөлүү экени боюнча жетиштүү далилдер келтирилген жок. Ал соттон айыпталуучунун өкүнүп жатканын жана анын эки эрезеге жете элек баласы бар экенин эске алып, шарттуу мөөнөт берүүнү өтүнгөнүн билдирди.

Бул иш боюнча кийинки отурум кийинки жумада болот.

Пикир

Оставить комментарий