• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан Иран менен аба каттамын токтотту

Дүйнө 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. 1-марттан тарта Казакстан коронавируска байланыштуу Иран менен аба каттамын токтотту. Мындан тышкары Азербайжан, Түштүк Корея, Япония менен болгон аба каттамдарынын саны кыскартылды. Бул тууралуу Казакстан премьер-министринин орун басары Ералы Тугжанов билдирди.

“Азербайжан менен аба байланышы жумасына он бештен үчкө чейин кыскарды. Себеби Иран жана Азербайжан жарандары Баку аркылуу Казакстанга келишчү. Коңшу өлкөлөрдөгү маселелерди билесиңер, ошондуктан ушундай чара колдонулууда”, - деди Ералы Тугжанов.

Мындан тышкары Түштүк Корея менен болгон авиакаттамдар жумасына тогуздан үчкө чейин азайтылды. 5-марттан тарта Нур-Султан-Токио аба каттамдарын жумасына экиден бирге түшүрүү пландалууда.

Ирандын Саламаттык сактоо миинстрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясын 385 адам жуктуруп алды, илдетке чалдыккандардын жалпы саны – 978. Өлгөндөрдүн саны 54кө жетти.

Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 89 миңден ашты. COVID-19 инфекциясы 3046 кишинин өмүрүн жалмады. Аны жугузуп алган 45 113 адам сакайды. 2019-жылдын декабрында Кытайдан чыккан бул оору 63 өлкөгө тарады.

Пикир

Оставить комментарий