• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Казакстан IT-идеялар үчүн чет өлкөлүк адистерге жумуш жана турак-жай убадалоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев IT-идеяларды иштеп чыккан чет өлкөлүк адистерге жумуш жана турак-жай убадалады. Бул тууралуу ал Астанада өтүп жаткан Kazakhstan Global Investment Roundtable (KGIR-2018) инвестициялык форумунда сүйлөп жатып билдирди.

Казак өкмөт башчысы өлкөдө кыска убакыттын ичинде IT тармагы боюнча адистерди даярдоо өтө оор экенин белгиледи.

«Чет өлкөлүк адистерге гранттарды, иш орундарын, турак-жай беребиз. Эң башкысы алар өз идеялары менен биздин өлкөгө келип, ал идеялар казакстандык продуктуга айланышы керек», - деди Сагинтаев.

Премьер-министр «дүйнө жүзү таланттар үчүн күрөш жүргүзүп жаткан чакта, өлкөнүн аларга эшикти жаап алуусу туура эмес мамиле болорун» билдирди.

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын маалыматтык технологиялар адистиги боюнча колледждер менен жогорку окуу жайларды 18 миңге жакын жаңы бүтүрүүчүлөр аяктайт. Бирок мекеме өлкөнүн экономикасын санариптештирүү боюнча программаны ишке ашыруу үчүн бул жетишсиз экенин билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий